Добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы качан белгилүү болорун БШК билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан жаңы президентин тандады. Шайлоо участоктору саат 20.00дө жабылган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенттик шайлоосунун соңку жыйынтыгы качан чыгарын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Президенттик шайлоо бүгүн өтүп, добуш берүү участкалары саат 20.00дө жабылган.

"БШКнын башкы серверине ар аймактагы электрондук урналардан жаңыланган жыйынтыктар келип жатат. 1-1,5 сааттан кийин жыйынтыктар чыгып калат деген үмүттөбүз. Тестирлөө учурунда жарым саат бою электрондук урналардын 99 пайызынан маалыматтар келип жатты", — деди ал.

Мындан тышкары, бюллетендер колго саналып, ал негизги жыйынтык катары эсептелет. Андан кийин протоколдор аймактык комиссияларга жөнөтүлүп, так жыйынтык 20 күндүн ичинде чыгат.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0