Өмүрбек Бабанов шайлоонун жүрүшүн анализдеп туруп үн катарын айтты

© REUTERS / Vladimir PirogovКандидат в президенты Омурбек Бабанов
Кандидат в президенты Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Өмүрбек Бабановдун штабы бардык фактыларга саресеп салып жатат

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президенттикке ат салышкан Өмүрбек Бабанов эртең, 16-октябрда, маалымат жыйын уюштурат. Бул тууралуу анын шайлоо штабынан билдиришти.

Торжественная церемония вручения благодарственного письма СМИ за освещение II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков "Форумда" элге кайрылып, шайлоо тууралуу айтты
Маалыматта учурда бардык фактыларга анализ жүргүзүп жатканы айтылган. Ошондой эле мыйзам бузуулар жана электрондук урнанын алдын ала маалыматтарындагы дал келбөөчүлүктөр боюнча иш жүрүүдө.

Белгилей кетсек, БШКнын саат 22.30га карата берген маалыматы боюнча Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54,75 пайыз добушун алып алдыга чыкты. Экинчи орунду Өмүрбек Бабанов ээлеген. Ал шайлоочулардын 33,8 пайызынын колдоосуна ээ болгон. Үчүнчү орунга Адахан Мадумаров чыкты, анын куржунуна 6,47 пайыз добуш түштү.

Электрондук урналардан жаңыланып турган маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0