"Жээнбековду куттуктадыңызбы?" Бабановдун жообу

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВстреча премьер-министра Сооронбая Жээнбекова с генсеком ООН Антониу Гутерришем
Встреча премьер-министра Сооронбая Жээнбекова с генсеком ООН Антониу Гутерришем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоочулардын көпчүлүк добушун Сооронбай Жээнбеков алды. Ал эми экинчи орунда Өмүрбек Бабанов келе жатат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өлкө тарыхында биринчи жолу шайлоо альтернативдик негизде өттү. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Биринчи жолу шайлоо альтернативдүү өттү. Бардыгы акырына чейин жыйынтык күтүп жатышты. Эгер талапкер баарынан көп добуш алган болсо, демек ал жеңди", — деди Бабанов.

Ага "Сооронбай Жээнбековго куттуктоо сөзүн айттыңызбы" деген суроо дагы узатылды.

"Жок, куттуктаган жокмун. Телефон чалып коюу мага кыйынчылык жаратпайт, бирок учурда жыйынтык чыгарып жатабыз. Президент боло турчу адамдын алдында чоң жоопкерчилик турат. Кыргызстанга стабилдүүлүк керек", — деди Бабанов.

Ал ошондой эле шайлоо жана шайлоодон кийинки этаптар бар экенин кошумчалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0