Шайлоо жыйынтыгы. Архивдик сүрөт

Талапкерлер кичи мекенинен канча добуш алды

3143
(жаңыланган 10:18 18.10.2017)
Айрым талапкерлер кичи мекенинде 100 пайыз колдоого ээ болсо, кээси өз айылында да акыркы орундарды алып калды

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президенттикке талапкерлер кичи мекенинде кантип канча добуш алганын Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп, Боршайкомдун сайтына саат 12.30га карата жарыяланган маалыматтарды тизмектеп көрдү.

1. Алдыда келе жаткан Сооронбай Жээнбеков өзү туулуп-өскөн Кара-Кулжа районундагы Бий-Мырза айылында жердештеринин 100 пайыз колдоосуна ээ болду. Ал эми шайлоого элдин 74 пайызы келген.

2. Өмүрбек Бабановдун айылы — Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чымгент айылынын тургундары добушун өз жердешине беришкен. Бул жакта Жээнбеков 3 пайыздан аз добуш алды.

3. Адахан Мадумаров Өзгөндүн Куршаб айылында 31,3 пайыз добуш алды. Жарыштын алдына 63 пайыз менен Сооронбай Жээнбеков чыкты.

4. Темир Сариевдин Сокулуктагы Төш-Булак айылынын тургундары жердешин колдоп, талапкер жалпы шайлоочулардын 88 пайыз добушун алган. Экинчи орунда 8 пайыз менен Өмүрбек Бабанов турат.

5. Аламүдүндүн Беш-Күңгөй айылында жарыкка келген Таалатбек Масадыков жердештеринин 15 пайызынын добушун алган. 46 пайызга ээ болгон Жээнбеков биринчи, ал эми 44 пайыз добуш алган Бабанов экинчи сапка жайгашкан.

6. Улукбек Кочкоровдун Баткендин Кара-Баке айылында талапкерге шайлоочулардын 20 пайызы добуш берген. Лидер болуп 44 пайыз добуш алган Жээнбеков эсептелүүдө.

7. Азимбек Бекназаров Жалал-Абаддагы айылы Кара-Сууда шайлоочулардын 1,88 пайыз добушуна гана ээ болгон. Жээнбеков менен Бабановдон эле артта калбастан, Адахан Мадумаровду да алдыга кое берип жиберди.

8. Арстанбек Абдылдаев Нарындагы Дыйкан айылында шайлоочулардын 23 пайызына ээ болду. Бул 43,33 пайыз добушка ээ болгон Жээнбековдон кийинки көрсөткүч.

9. Жалал-Абадда төрөлгөн Арсланбек Малиевге 36 миң жердешинин тогузу гана добуш берген. Бул эң төмөнкү көрсөткүч, керек болсо Токтайым Үмөталиева үчүн бул жерде 10 киши өз добушун берген.

10. Бишкектик Эрнис Зарлыков шаардыктардын 0,25 пайызынын добушун ала алган. Бул жетинчи орун болуп саналат.

11. Токтайым Үмөталиева кичи мекени Бакай-Ата айылынан 4 добуш алды. Бул аймакта үч миң киши шайлоого келген.

3143
Белгилер:
президенттик шайлоо, талапкер, кичи мекен
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
Тема боюнча
"Жээнбековду куттуктадыңызбы?" Бабановдун жообу
Өмүрбек Бабанов шайлоо жыйынтыгын жубайы кандай кабыл алганын айтты
Өмүрбек Бабанов шайлоо боюнча билдирүү жасап жатат. Трансляция аяктады
Казакстанга Кыргызстандын сүт азыктарын ташууга тыюу салынды
АКШ спортчулары Токио Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде

Америкалыктар Олимпиадада таза оюндан четтетилди

15
Токиого адаттагы россиялык жүз жеңил атлетчинин ордуна он спортчу гана барып, бейтарап формачан, өлкөсүнүн желегин көтөрбөй, гимни да жаңырбай катышууда. Дээрлик күнү-түнү допингге анализ тапшырууга мажбур. Мындай мамилеге карабастан жеңишке да жетишип жатышат.

Допинг чырын уюштургандардын планы боюнча россиялык спортчулар алардын шарттарына ылайык катышып, бирок баарынан утуларын болжошкон. Батыштык "өнөктөштөрүнүн" версиясы боюнча, баары допинг колдонот имиш. Өздөрүнө келгенде шылтоосу жөпжөнөкөй, аны "терапиялык өзгөчөлүк", ал эми тилинде сөөгү жоктор "допингге лицензия" деп коюшат. Аны алыш кыйын деле эмес.

Спортчу өзү допингге каршы улуттук комитетке дарыгерден алган справканы тапшырып, машакаты жок эле тыюу салынган заттарды пайдаланууга укук алат. Химиянын түрү абдан кеңири. Арасында норвегиялык лыжачылар өндүрүштүк масштабда пайдаланган астманын дарысы да, теннисчи эже-сиңди Вильямстардан дайым шектенип келишкен анаболиктер да бар. Токио Олимпиадасында америкалык гимнастчы Симона Байлзга байланышкан көйгөйлөргө да тиешеси бар психотроптук препараттардын да түрү болушу мүмкүн.

Кызыгы, мындай уруксаттардын берилиши жана алардын мазмуну өтө купуя сакталат. Спортчулардын медициналык маалыматтары жеке иш болгондуктан ачыкталбайт. Доппингге каршы улуттук комитеттердин отчеттору да эч ким эч нерсе түшүнбөй тургандай даярдалат.

Допингге чындап каршы күрөшө турган австралиялык активистттер, мисалы, 2012-жылы өлкөдө инсулинден риталинге чейинки катуу таасир эте турган 37 терапиялык өзгөчөлүк берилгенин аныкташкан. Бирок ар бир препарат боюнча так канча кишиге жана кимдерге уруксат берилгенинен эч кимдин кабары жок. Болгону WADA (Допингге каршы дүйнөлүк агенттик) маалымат базасына бир нече жолку хакердик чабуулдардан кийин батыштын алдыңкы спортчулары атаандаштарын жеңүү үчүн химиянын ар кыл түрүн дайым колдонуп келишкенин айгинелеген.

Морфин, викодин, триамцинолондун аралашмасы, маселен, айтылуу британиялык жөө күлүк Мо Фаранын анализдеринен аныкталган. Анткен менен анын олимпиадалык алтын медалынан шектенгендер жок. Аны четтетүү тууралуу кеп да жүргөн эмес. Улуу Британия ханышасы ага рыцарлыкты ылайык көрүп, Мо спорттук карьерасын уланта берген. Бирок курама топко тандоодон өтө албай, Токиого барбай калган.

Бир нече жыл бою эже-сиңди Уильямс жана Симона Байлздын допинг анализдеринен тыюу салынган заттар табылган. Бирок үч спортчу айым тең мелдештерге катышып, ута тургандын баарын утушкан.

Мындан бир топ жыл оболу таанымал USA Today журналы иликтөө жүргүзүүгө тырышып, эже-сиңди Уильямстардын анализдеринде чындап эле мандем барбы деген тейде Допингге каршы дүйнөлүк агенттикке кат жолдогон. Терапиялык өзгөчөлүктөр боюнча маалыматтарды жарыялап коюуга болбойт беле? Коомчулук айтылуу спортчулар "күчүн кайдан" топтоорун билгени жакшы го. Бирок Допингге каршы дүйнөлүк уюм басылманын өтүнүчүн көз жаздымда калтырып, эч кандай маалымат аныкталган эмес. Журналисттер Допингге каршы америкалык агенттиктин расмий билдирүүсүнө гана ыраазы болуп тим калышкан. Ал жоопто эже-сиңди Вильямс жана Байлздын эч кандай күнөөсү жок экени айтылат.

Байлз бала кезден гиперактивдүүлүк жана көңүл буруунун жетишсиздигинен азап чегип келерин, ошондуктан WADA ага риталин ичүүгө уруксат бергени тууралуу маалым. Бул эмнеге кептегенине Токиодо бүт дүйнө күбө болуп отурат. Риталин күчтүү психостимулятор, аны эл арасында "жакырлар үчүн кокаин" деп коюшат. Чек арадан алып өтүү абдан татаал, пандемия убагында эрежелер мурдагыдан да катаалдаган. Жагдайды жакындан билген адамдардын айтымында, Симона Байлздын машыктыруучусу Японияга шакиртине керектелген риталин запасын алып бара алган эмес. Көнүп алган дарысыз атактуу гимнаст кыз мелдештен четтетилип, командасынын да ийгилигин солгундатты. Америкалык маалымат каражаттары спортчуну баатыр кылып, ашыкча сезимталдыкка берилген тексттерди жайната жарыялоодо. Болбосо дүйнө көзүндө спортчу кынык алган "адатынан" гана жабыркоодо. Мындай маскарадан коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөгөн Допингге каршы америкалык агенттиктин жетекчиси Трэвис Тайгарт россиялык спортчуларга атырылып: "Россия катаал жазага татыктуу, көз боемочулукту улантууда", – деп чыкты. Ошону менен бирге эле РФти "допингди мамлекеттик колдоого" айыптап, россиялык олимпиадачылардын баарынын допинг анализдерин жарыялоону сунуштоодо. Жол болсун дейли, анткени Эл аралык олимпиада комитети россиялык спортчулардын эч биринин анализинде допинг чыкпаганын тастыктады. Ал эми америкалык спортчулардын анализдеринин жыйынтыгын көрүү кызык болмок...

Россиялыктар эл аралык мелдештердеги кысымга көнүп деле бүтүштү. Бирок Токиодогу Олимпиада ашкере саясатташкандай элес калтырат. Таза оюнда жеңе албаган батыштык "өнөктөштөр" РФ спортчуларына ойго келбес чагымчылдыктарды уюштуруп, көө жаап, ачык эле кысым көрсөтүүдө. Тынч Олимпиадалык оюндарды согуш талаасына айлантууга чамынууда. Акылы бийик аналитиктер муну "башаламандыктын экспорту" деп атап, түпкүлүгүндө стратегиялык максаттар жатат дешет.

Америкалык балдардын бир нече мууну спорттун жылдызы болуш үчүн жаш чагынан ар кандай тыюу салынган препараттарды колдонуу керек деген түшүнүк менен өсүүдө. Мыйзамга жат мындай жагдайды машыктыруучулар да, дарыгерлер да, Трэвис Тайгарт, ал түгүл президентке дейре жаап-жашыра беришет. Анда алардыкы "допингди мамлекеттик колдоо" эмей эмне?! WADA чоң спорттун болочогу үчүн америкалыктардын мындай аракеттерине чара көргөнү оң болмок.

15
Белгилер:
олимпиада, допинг, иликтөө, АКШ, спорт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы
Токио оюндарында кийим токуп отурган олимпиада чемпиону соцтармакты жарды. Видео
Чымыр денелүү, сулуу... Токио Олимпиадасындагы кыз-келиндердин сүрөттөрү
Аткаминерлер. Архив

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу өзүнө кеңешчи жана аппарат башчысын дайындады

25
(жаңыланган 21:36 04.08.2021)
Жаңы дайындалган аппарат жетекчи буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп иштеген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, эки кызматка жаңы адамдар келди.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Мырзабек Жыпаркулов борбордук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп иштеген. Аппараттын жаңы башчысы Талас облусунун тургуну.

Директор Государственной инспекции по экологической и технической безопасности при Правительстве Кыргызской Республики (ГИЭТБ) Мырзабек Жыпаркулов во время визита к президенту. 12 июня 2020 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Мырзабек Жыпаркулов борбордук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп Азамат Абсаттаров дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын мэринин маалымат катчысы эле.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

25
Белгилер:
Бишкек, мэр, кеңешчи, аппарат, жетекчи, дайындоо
Тема боюнча
Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды
Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болду
ONE FC жылдызы Кямран Аббасов. Архив

Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатына ONE FC жылдызы Кямран Аббасов келди. Видео

0
(жаңыланган 21:51 04.08.2021)
Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов беделдүү болгон ONE FC уюмунун учурдагы чемпиону. Чет мамлекетте жашап машыгып келет, мекенине чанда гана келип турат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө өтүп жаткан уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионатына ONE FC уюмунун учурдагы чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов ардактуу конок катары келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Эске салсак, Чолпон-Атада спорттун беш түрү: ММА, самбо, грэпплинг, тай бокс жана жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионаты болууда.

Бүгүн, 4-августта, спорттук иш-чаранын расмий түрдө ачылышы болду. Ардактуу коноктордун бири катары Кямран Аббасов чакырылган.

"Жалпыңыздарга салам! Биринчиден, турнирдин уюштуруучуларына алкыш. Жаштар — биздин болочок чемпиондорубуз. Спортчуларга ийгилик каалап, чыдамкай, эрктүү болгула демекчимин. Спорттогу ири жолдор ушундай мелдештерден башталат. Көз ачып жумгуча эле ири уюмдарда ат салышып каласыңар. Дагы бир ирет ийгилик, бардык жакшылыктарды каалайм", - деди Аббасов.

Турнирдин ачылышынан кийин чемпион менен сүрөткө түшөбүз дегендер көп болду, спортчу эч кимди көңүл кош калтырган жок.

Аббасов аталган уюмдун 2019-жылдын 25-октябрында Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн мелдешинде швециялык мушкер Себастьян Кадестанды утуп, чемпион болгон. 2020-жылы октябрда америкалык Жеймс Накашимини утуп, наамын коргоп калган.

Карьерасында 24 беттешти утуп, төрт мелдеште жеңилген.

0
Белгилер:
Чолпон-Ата, дүйнө чемпионаты, мушкер, видео, Кямран Аббасов
Тема боюнча
Бүйүр кызытып... Хабиб Нурмагомедовдун Чолпон-Атадагы турнири видеодо
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт