Атамбаев: АКШнын өзүндө чыныгы демократия жана басма сөз эркиндиги жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЛетняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате
Летняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент ошондой эле дайыма болгонун болгондой бетке айткандыктан анын запкысын көп тартарын жана дипломат эместигин айтты

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев АКШда чыныгы демократия менен басма сөз эркиндиги жок деп өздөрүнүн журналисттери айтып жатканын Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрүн кабыл алып жатып билдирди.

Ал өз сөзүндө эгер АКШдагы президенттик шайлоодо бийликтегилер жактаган Хиллари Клинтон жеңишке жеткенде чыныгы ачык-айкын шайлоо жана демократиянын мыкты үлгүсү катары көрсөтүп чыгышмактыгын, бирок Трамп жеңишке жетип аны тепкиге алып жатканын айтты.

Ошондой эле шайлоого байкоочу катары Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы келүүдөн баш тартканына таң калганын билдирди.

"Коңшулардын көбүнө биз жакпай жатабыз. Себеби биз аларга таза шайлоонун үлгүсүн көрсөтүүдөбүз. Мисалы Казакстанда шайлоочулардын 98 пайызы келип, жыйынтыгында 99 пайызы президентти колдоп жатат. Алар бизге эмнени үйрөтө алат?" — деди Атамбаев.

Президент ошондой эле дайыма болгонун болгондой бетке айткандыктан анын запкысын көп тартарын жана дипломат эместигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0