Шавкат Мирзиеёв Сооронбай Жээнбековду куттуктады

© Фото / пресс-служба правительства КРӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв премьер-министр Соронбай Жээнбеков менен жолугушуу учуруна. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв премьер-министр Соронбай Жээнбеков менен жолугушуу учуруна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын лидери соңку убакытта эки өлкөнүн мамилелери чыңалганын белгилеген

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Соронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. 

Президенттик шайлоо жекшемби күнү, 15-октябрда, өткөн. Добуштарды кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жээнбеков 54,6 пайыз добуш алган.

“Бул жеңиш сиздин план жана программаларыңызды кыргызстандыктар колдоого алганын айгинелейт. Өзбекстан менен Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн эки тараптуу кызматташуу мындан ары дагы жакшырарына ишенем. Жаңы жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматта ден соолук жана ийгилик коштосун. Ал эми кыргыз элине тынчтык жана бейкутчулук каалайм”, — деп жазылат телеграммада. 

Ошондой эле Мирзиеёв соңку убакытта эки өлкөнүн мамилелери чыңалганын белгилеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0