КР өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылды

© Sputnik / Актан ТемиркановКыргызстан менен Казакстандын чек арасында кезекте турган жүк ташуучу унаалар
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында кезекте турган жүк ташуучу унаалар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта "Ак-Жол" менен "Ак тилек" бекеттеринде унаа менен адамдардын күнүмдүк өтүүсү 2,4 эсеге жайлаган

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн кырдаал боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына кайрылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ситуация на контрольно-пропускном пункте Акжол автодорожный на границе КР и РК - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы тозок: Астана чечиминин кээрин тарткан Кыргызстан
Билдирүүдө буга казак тараптын Дүйнөлүк соода уюмун негиздөө боюнча макулдашуунун негизги эрежелерин бузушу себеп болгону айтылууда.

Эскерте кетсек, Казакстан 10-октябрь күнү кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдү күчөтүп, мындан унаа менен жөө адамдарды өтүүсү бир топ кыйындаган.

"Ушу тапта "Ак-Жол" менен "Ак тилек" бекеттеринде унаа менен адамдардын күнүмдүк өтүүсү 2,4 эсеге жайлаган", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун толук кандуу мүчөсү катары аталган уюмдун алкагында өз укугун коргой турганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0