Казак ТИМи Жээнбеков коңшулар менен кандай мамиледе болорун божомолдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттике талапкер Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Президенттике талапкер Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак ТИМинин жетекчиси Казакстан Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгына жакшы баа бергенин белгилеген.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Кыргызстандагы президенттик шайлоо боюнча оюн билдиргенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казак ТИМинин жетекчиси Казакстан Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгына жакшы баа бергенин белгилеп, Астана кыргыз элинин тандоосун сыйлай турганын айткан.

"Биз жаңы шайланган президенттин билдирүүсүнөн кийин анын Казакстандын жана коңшу мамлекеттердин жетекчилерине урмат менен мамиле жасай турганын канааттануу менен айта алабыз. Муну менен Кыргызстандын жаңы шайланган президенти коңшу мамлекеттер менен мамиле түзүүдө жоопкерчиликтүү боло турганын айгинелейт", — деп айткан Абдрахманов журналисттерге.

Ошондой эле ал Казакстан мындан ары коңшу мамлекеттердин достугу жана кызматташтыктыгы сакталып каларын ырастайт деп сөзүн жыйынтыктаган.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийин маалымат жыйын учурунда кыргыз-казак чек арасы, андан кийин президент Нурсултан Назарбаевге болгон мамилеси тууралуу суроого эки эл боордош экенин белгилеп, "бул убактылуу көйгөйлөр, биз бир тууган элбиз, Назарбаевге урмат менен мамиле кылабыз, азыркы маселе чечилиши керек" деп жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0