Сапар Исаков бүгүн Астанага барат

Жазылуу
Эки мамлекеттин өкмөт башчылары телефон аркылуу баарлашкан

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн жумушчу сапары менен Астанага барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады.

Атамбаев Назарбаев тууралуу сүйлөп жатып эмоцияга алдырганын билдирди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Назарбаев тууралуу сүйлөп жатып эмоцияга алдырганын билдирди. Видео
Билдирүүгө ылайык, эки мамлекеттин өкмөт башчылары 17-октябрда телефон менен сүйлөшкөн.

Эске салсак, 10-октябрда, кечинде кыргыз-казак чек арасындагы үч көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөн адамдардын жана унаалардын саны өсүп, жөнөкөй элди бушайманга салган. Бир күн өткөн соң Казакстандын улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0