Садыр Жапаров 2028-жылга чейин абактан эч чыга албайт

© Sputnik / Расул УсеналиевСуд над политиком Садыром Жапаровым
Суд над политиком Садыром Жапаровым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаров буга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып келген

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогоку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров соттун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагынан Молдовановкадагы катуу тартиптеги абакка которулду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы сот мындай чечимди эки жума мурда чыгарганын билдирди.

Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Сот Аида Салянованы эркинен ажыраткан өкүм чыгарды
Жапаров жаза мөөнөтүн толугу менен өтөп, 2028-жылдын 6-апрелине чейин отурат. Соттун өкүмүнө ылайык, Жапаровго эч кандай мунапыс жана башка жеңилдиктер каралбайт.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 11,6 айга кесилген. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган

Жаңылыктар түрмөгү
0