Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусуна жаңы жетекчи келди

© Фото / пресс-служба РКФР Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусуна жетекчи болуп дайындалган Эркин Асрандиевдин архивдик сүрөтү
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусуна жетекчи болуп дайындалган Эркин Асрандиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын жетекчилигине дайындалгандан кийин фонд башкаруучулугунун төрагасынын орду бош калган

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусуна жетекчи болуп Эркин Асрандиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

"Фонддун жамаатына Эркин Асрандиевди биринчи вице-премьерТолкунбек Абдыгулов тааныштырды", — деп жазылат маалыматта.

Асрандиев буга чейин аталган фонддун башкаруучулугунун мүчөсү болчу.

Фонд жетекчилигинин орду Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын жетекчилигине дайындалгандан кийин бош калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0