Атамбаев менен Мирзиёев телефон аркылуу баарлашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев Астанада жолугушуу учурунда. Архив
Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев Астанада жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчылары эки тараптуу кызматташуу жана келишимдер тууралуу пикир алышты

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Государственный визит Алмазбека Атамбаева в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Өзбекче “Манас” китеби, кучакташуулар — Атамбаевдин Ташкентке иш сапарынан кадрлар
Билдирмеге караганда, мамлекет башчылары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташуусун талкуулап, буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маанилүү экенин белгилешкен. 

Мирзиёев Атамбаевди президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Кыргызстанга стабилдүүлүк жана өнүгүү каалаган. 

Ал эми КР лидери Мирзиёевге эки тараптуу маселелерди чечүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0