Темир Жумакадыровдун ордуна Даир Кенекеевдин талапкерлиги каралып жатат

© Фото / Эльмира СуйутбековаТалас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевдин архивдик сүрөтү
Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кенекеев өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп эмгектенген

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеевдин талапкерлигин коопсуздук боюнча вице-премьерликке каралып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.

Буга чейин аталган кызматты Темир Жумакадыров ээлеп келген.

Эске салсак, Жумакадыров 2017-жылы 7-октябрда Москва районунун Садовое айылындагы жол кырсыгынан каза тапкан. Вице-премьер кетип бараткан жол тандабас жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0