ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырары айтылды

Жазылуу
Төрагалык орунга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун барышы айтылууда

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Спикер Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Кеңештин депутаттары билдирди.

Маалыматка ылайык, Чыныбай Турсунбеков эртең, 25-октябрь күнү парламенттин жыйынында өз кызматын тапшырат.

Эске сала кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары төрагалык орунга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун бара турганын жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0