БШК: шайлоонун жыйынтыгы жуманын аягына чейин чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогунда добуш берип жаткан адамдар. Архив
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынтык элге расмий жарыялангандан кийин 30 күн ичинде жаңы шайланган президенттин инаугурациясы өткөрүлөт

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы ушул аптанын аягына чейин белгилүү болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн жарымы шайлоо жыйынтыгы боюнча даттануулардын үстүнөн иштесе, экинчиси протоколдорду кабыл алып, шайлоонун жыйынтыгынын таблицасын түзүп жатат.

"Азыр добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган участоктордон башкаларынын жыйынтыктары таблицага киргизилип жатат. Иштин көпчүлүк бөлүгү аяктады. Эч кандай соттук тештирүүлөр болбосо, акыркы жыйынтык 27-октябрь күнү белгилүү болуп калат", — деди Бекматов.

Шарт боюнча мындан үч күн өткөндөн кийин жыйынтык ЖМКлар аркылуу жар салынышы керек.

Ал эми жыйынтык элге расмий жарыялангандан кийин 30 күн ичинде жаңы шайланган президенттин инаугурациясы өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0