Вице-премьер Зилалиев: Даир Кенекеев экономика тармагын тескеши мүмкүн

Жазылуу
Жогорку Кеңеш Даир Кенекеевдин вице-премьерликке талапкерлигин жактырды

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Даир Кенекеев экономика тармагын тескеши мүмкүндүгүн айтты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн Даир Кенекеевдин вице-премьерликке талапкерлигин жактырды.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов вице-премьер парламент тарабынан жактырылгандан кийин өкмөт башчы ага кайсы тармакты тейлей турганын тапшырарын айтты.

"Жогорку Кеңеш вице-премьерди бекитип бергенден кийин премьер анын кайсы тармакты тейлей турганын өзү чечет", — деди ал.

Депутат Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов: Чыныбай Турсунбековду эч ким куугунтуктаган жок
Буга чейин депутат Каныбек Иманалиев вице-премьерди өкмөт башчы өзү келип тааныштыруусу керектигин билдирген болчу.

"Даир Кенекеев премьердин алдында жооптуу. Андыктан премьер өзү келип тааныштырышы керек. Азыр вице-премьер келип башка вице-премьерди шайлап бергиле деп жатат. Мындай нерсе дүйнөлүк практикада дагы жок", — деди Иманалиев.

Ал ошондой эле мыйзамды бузбай башкаларга жакшы үлгү көрсөтүшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0