ЖКнын көпчүлүк коалициясы төрагалыкка Дастан Жумабековду көрсөтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Дастанбек Джумабеков
Депутат Дастанбек Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Чыныбай Турсунбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетти

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Көпчүлүк коалициясы төрагалыкка "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабековду көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Нурбек Алимбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал эми Дастан Жумабеков төрагалык кызматтан баш тартпай турганын журналисттерге маалымдады. 

"Эгер менин талапкерлигим көрсөтүлсө кызматка барууга даярмын", — деди ал.

Эске сала кетсек, бүгүн Чыныбай Турсунбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

Ал эми төрагалык орунга Иса Өмүркулов менен Аскарбек Шадиевдин дагы талапкерлиги каралып жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0