ЖК депутаты Дастан Жумабековдун архивдик сүрөтү

Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

403
(жаңыланган 10:23 26.10.2017)
Анын талапкерлигин көпчүлүк коалиция сунуштаган

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Эске сала кетсек, буга чейинки төрага Чыныбай Турсунбеков бүгүн өз ыктыяры менен кызматтан кетти. 

Новоизбранный спикер Жогорку Кенеша, депутат от фракции Кыргызстан Дастан Джумабеков
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жумабековдун талапкерлигин көпчүлүк коалиция төрагалык кызматка сунуштаган.

Жалпы жонунан 120 бюллетень даярдалып, үчөө керектен чыгарылган. Эл өкүлдөрүнүн 80и Дастан Жумабековго, ал эми 32си "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы тарабынан сунушталган Исхак Масалиевге добуш берген. Беш депутат эки талапкерге тең каршылыгын билдирген. Добуш берүүгө 117 депутат катышты.

Жумабеков 2015-жылдын октябрынан бери иштеп келе жаткан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы үчүнчү төрага. Алгач Асылбек Жээнбеков төрагалык кылса, аны кийин Чыныбай Турсунбеков алмаштырган.

Спикерлик кызматка келүү үчүн талапкер депутаттардын теңинен көбүнүн, башкача айтканда, 60тан көп добуш алышы керек.

403
Белгилер:
төрага, Жогорку Кеңеш, Дастанбек Жумабеков
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы төрага шайланды (15)
Тема боюнча
Спикер Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырды
ЖКнын көпчүлүк коалициясы төрагалыкка Дастан Жумабековду көрсөтүүдө
Пикирлер