БШК Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайт

Жазылуу
Текебаев коррупция беренеси боюнча айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган болчу

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү маселени карайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Ата Мекен фракциясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот экс-депутат Райкан Төлөгөновду 15 жылга эркинен ажыратты
Ага ылайык, депутатты мандатынан ажыратуу маселесин кароо өтүнүчү Бишкек шаардык сотунан келип түшкөн.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Ал эми октябрь айынын башында Текебаев №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына которулган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0