КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова вице-спикер болуп шайланды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК КР Асель Кодуранова
Депутат ЖК КР Асель Кодуранова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин төраганын орун басары Данияр Төлөнов өз ыктыяры менен кызматын тапшырган

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине көпчүлүк добуш менен КСДП фракциясынан Асел Кодуранова шайланды.

Депутаттар жашыруун добуш берип, анын жыйынтыгында 91 депутат "макул" десе, 2 депутат "каршы" деген добуш берген.

Депутат Жогорку Кенеш, Текебаев Омурбек - Sputnik Кыргызстан
БШК Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты
Эл өкүлү буга чейин ЖКнын Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетин жетектеп келген.

Буга чейин төраганын орун басары Данияр Төлөнов өз ыктыяры менен ордун тапшырып берген. Ал вице-спикерликтен кетишин фракциялашы Дастан Жумабековдун спикер болуп шайланышы менен байланыштырган.

Эске сала кетсек, буга чейин төрага Чыныбай Турсунбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетип, ордуна "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0