Сапар Исаков Ташкентке келди

Жазылуу
Сапар Исаков бул иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Ташкентке келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ташкенттен Исаковду Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Нодир Отажонов тосуп алды.

Ташкент — Анжиян — Ош — Эркеч-Там — Кашкар жүк ташуучу унаалардын каттамы ачылганын Ош мэриясынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай жүк ташуучу каттамы ачылды
Сапар Исаков бул иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Өкмөт башчысын коштоп барган кыргыз делегациясынын курамы:

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси, КМШ уставдык органдарындагы КР туруктуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, экономика министри Артем Новиков, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, чек ара маселелери боюнча КР Өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнур Төралиева, КР өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0