Сапар Исаков Өзбекстандын өкмөт башчысы менен жолукту. Эмне тууралуу сөз болду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков Ташкент шаарындагы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту
Премьер-министр Сапар Исаков Ташкент шаарындагы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаков Ташкентке КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Ташкент шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Исаков Ташкентке КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле чек ара жаатындагы маселелер талкууланган.

Исаков Ариповго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу мамлекеттин тышкы саясатындагы келечектүү багыттардан болуп саналарын белгиледи.

"Биз кызматташуунун кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө активдешкенин көрүп жатабыз. Кыргызстан жана Өзбекстан президенттеринин жогорку деңгээлдеги эки жактуу сапары 25 жыл бою чечилбей келген маселелерди ишке ашырууга тарыхый өбөлгө түздү", — деди Исаков.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга насыя алуу керек
Өзбекстандын премьер-министри Арипов өз сөзүндө Кыргызстандын өкмөтүнө октябрь айында Бишкек шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле 2017-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 193 миллион долларды түзгөнүн маалымдап, бул көрсөткүчтү жылына 500 миллион долларга дейре жеткирүү зарылдыгын белгиледи.

"Өзбек тарап бул маселеге колдон келген көмөктү көрсөтүүгө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр", – деди Арипов.

Исаков мамлекеттер аралык соода жүгүртүүнү эки эсеге жогорулатуу эки тараптуу мамилелердин реалдуу көрсөткүчү болуп саналбастан, келечекте аны өнүктүрүүнүн башталышы гана болуп эсептелерин айтты. Андан сырткары, кыргыз тарап аталган көлөмдү жогорулатууга даяр экендигин баса белгиледи.

Андан соң тараптар транспорттук коридорлорду, анын ичинде "Кытай — Кыргызстан —Өзбекстан" темир жолун, ошондой эле эки өлкө ишкерлери ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулады.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек ишкерлери 200 миллион долларлык келишимдерди түзүштү. Тизме
Жыйынтыгында тараптар гуманитардык кызматташтык жана эки мамлекетте маданият күндөрүн өткөрүү маселесин карады.

Буга катар мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун иши талкууланды.

Өзбек тарап жакынкы арада эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын колдоосу астында Өзбекстанда чектеш облус жетекчилеринин алгачкы жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0