Өмүрбек Бабанов: ар бир адилетсиз иштин аягы жакшы бүтпөйт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЛидер парламентской фракции "Республика — Ата-Журт" Омурбек Бабанов
Лидер парламентской фракции Республика — Ата-Журт Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата бир нече беренелер боюнча кылмыш ишин козгогон

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов ага карата козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү таратканын "Республика" партиясынын штабынан кабарлашты.

Депутат ага карата ойдон чыгарылган саясий кылмыш козголгонун белгилеген.

"Тилекке каршы, мага ушундай өзүм-билемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот", — деп билдирген Бабанов.

Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Бабановго карата козголгон кылмыш иштери кандай жазаларды карайт
Ал ошондой эле бийлик куру саясат менен эмес, элдин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши керектигин белгилеген.

"Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм. Ар бир адилетсиз иштин аягы жакшы бүтпөйт. Эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга чакырам. Болбосо өлкөдө көп жылдар бою биз кутулууга аракет кылып келген автократия кайрадан орнойт!" — деди ал.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен кылмыш иш козгогон

Жаңылыктар түрмөгү
0