Адвокат Улан Жумаков: Аида Салянованын өмүрү коркунучта

Жазылуу
Улан Саляновду дүйшөмбү күнү өз үйүнөн атып кетишти

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Аида Салянованын мурдагы адвокаты Улан Жумаков КР УКМКсы депутатты жансакчы менен камсыздап бериши зарыл деген пикирин билдирди. 

Мурдараак ал Салянова башкы прокурор кезинде анын үйүн бирөөлөр издегенин айткан. 

Салянова уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп келген. Ал эми бүгүн депутаттын инисин атып кетишти.

"Бул окуя Аида Салянованын жашоосуна коркунуч бар экенин далилдеп турат", — деди Жумаков.

Улан Саляновду дүйшөмбү күнү өз үйүнөн атып кетишти. 

Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча кенен маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0