Могерини: Европа биримдиги Кыргызстан менен жаңы келишим түзүүгө даяр

Жазылуу
Федерика Могерини “Достук” ордени менен сыйланды

БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды. 

Жолугушуунун алдында Алмазбек Атамбаев Могерини Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлаган. 

Ал эми Могерини Европа биримдиги Кыргызстан менен кызматташууну күчөтүү максатында жаңы келишимди кабыл алууга даяр экендигин билдирген. 

“Акыркы жылдары Кыргызстанда шайлоо процессин жакышртууга жана таза өткөрүүгө чечкиндүү иштер жасалды. Бул Кыргызстан үчүн гана эмес жалпы регион үчүн үлгү болуп калды. Европа биримдиги Кыргызстан менен жаңы келишим түзүүгө даяр”, — деп билдирген Могерини. 

Жолугушуу учурунда эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруу жана ар кайсы сферада кызматташуу маселелери талкууланган. 

Федерика Могерини Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен дагы жолугушуп, бир катар маселелер боюнча ой бөлүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0