Өмүрбек Бабанов фракция лидерлигинен кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат 6-го созыва ЖК Омурбек Бабанов
Депутат 6-го созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим 13-ноябрда фракциянын отурумунда кабыл алынды

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигинен кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине РАЖдын катчылыгынан билдиришти.

Бабановдун айтымында, мыйзам долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана саясий-экономикалык саясатты өзгөртүү үчүн "Республика" партиясы менен "Республика — Ата-Журт" фракциясынын иши мындан ары өз нугунда кетиши керек.

Депутат и кандидат в президенты Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Башкарманын баласы Өмүрбек Бабанов тууралуу 9 факты
Жаңы лидер фракциянын кийинки жыйындарында шайланат.

Эске салсак, ноябрь айынын алгачкы күндөрү Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго карата конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон

Бирок депутат ошол маалда өлкө аймагында жок экени белгилүү болгон. Кийин ал чет өлкөдө дарыланып жүргөнүн "Республика — Ата-Журт" фракциясынын башчысынын орун басары Руслан Казакбаев кабарлаган.

Өмүрбек Бабанов "Республика" партиясын 2010-жылы негиздеген. Төрт жылдан кийин "Республика" жана "Ата-Журт" партиялары биригип, "Республика — Ата-Журт" фракциясы түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0