Атамбаев: Кыргызстан 2040-жылга чейин парламенттик башкарууга толук өтүшү керек

Жазылуу
Учурда Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жатат

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Кыргызстан 2040-жылга чейин толук парламенттик башкарууга өтүшү керектигин айтты.

Ал өз сөзүндө былтыр декабрда өткөн референдумда кабыл алынган түзөтүүлөрдүн жарымы ошол замат кабыл алынганын, калганы ушул жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирерин айтты. Анда негизги башкаруу өкмөт менен парламентке өтөрүн кошумчалады.

Атамбаев ошондой эле парламенттик башкаруудагы мамлекеттер өнүгүп жатканын айтты.

"Дүйнөлүк тажрыйба көргөзгөндөй парламенттик башкаруудагы өлкөлөр алдыга чыгып өнүгүп жатат. Керек болсо АКШ дагы башкаруу системасын карап көрүүнү ойлонууда. Кыргызстан толугу менен 2040-жылга чейин парламенттик башкарууга өтүшү зарыл", — деди президент.

Вручение президентской стипендии лучшим студентам вузов страны - Sputnik Кыргызстан
Президент: кечиримди Атамбаев эмес, өлкөнүн ишине кийлигишкендер сурашы керек!
Ал андан сырткары, шайлоо мыйзамын дагы карап чыгуу керектигин баса белгиледи. Анткени айрым партиялар шайлоо учурунда тизмени башкача түзүп, шайлоо аяктаганда парламентке такыр башкалар келип калып жатканына токтолду.

"Республика — Ата-Журт" партиясы шайлоого аттанганда алардын тизмесинде жаштар, башка улуттун өкүлдөрү, интеллигенция бар болчу. Шайлоонун жыйынтыгында парламентке жалаң эле байлар келди. Андыктан бул маселени да караш керек, кийинки шайлоо деле аз калды", — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы парламенттин салмагы артып жаткандыктан Жогорку Кеңешке чынчыл, мыйзам жаза билген билимдүү кишилер келиши керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0