Депутаттар Жээнбековдун агасын Украинага элчи кылуу сунушун колдошту

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЗаседание правительства РФ
Заседание правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жусупбек Шарипов буга чейин Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп иштеп келген

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Украинадагы элчилигине Жусупбек Шариповдун талапкерлигин жактырды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев билдирди.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Жээнбековго: досум, мени уят кылбай таза иште!
Шариповдун талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштаган. Мыйзам боюнча тийиштүү жарлыкка президент кол коюшу керек.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси 2015-жылдын 18-декабрынан бери дайындала элек болчу. Ага чейин бул кызматта Улукбек Чыналиев иштеген.

Эскерте кетсек, Жусупбек Шарипов буга чейин Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп иштеп келген. Андан тышкары Марокко, Иорданиядагы элчилик кызматын да аткарат. Бул кызматтарга 2015-жылы июнь айында дайындалган. Мурда ал Жалал-Абад облусунун губернатору болгон. 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышкан. Жаңыдан президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0