Путин Атамбаевдин эки мамлекеттин алакасына кошкон салымын белгиледи

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүАлмазбек Атамбаев Владимир Путин менен Санкт-Петербург шаарында жолугушуу учурунда
Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен Санкт-Петербург шаарында жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Путиндин чакыруусу менен VI Санкт-Петербург эл аралык маданий форумуна катышуу үчүн Россияга барды

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен Санкт-Петербург шаарында жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Тышкы саясат, үй-бүлөсү жана бизнеси. Сооронбай Жээнбековдун маеги
Атамбаев Путиндин чакыруусу менен VI Санкт-Петербург эл аралык маданий форумуна катышуу үчүн 17-ноябрда учуп кеткен.

РИА Новости маалымат агенттигинин жазышынча, Путин Россия менен Кыргызстандын мамилеси акыркы жылдары бир гана коопсуздук тармагында эле эмес, гуманитардык жаатта дагы илгерлегенин белгилеген.

Путин өз сөзүндө бул жолугушуу маанилүү экенин айтып, Атамбаев президент болгондон кийин алгачкы жана акыркы сапарын Россияга жасап жатканын кошумчалады. Ошондой эле Атамбаев бийликте турган учурда эки мамлекеттин мамилеси бир топ чыңдалганын билдирди.

"Кыргызстанды башкарып турган кезде эки мамлекеттин ортосундагы алаканын сапаты бир топ жакшы жакка өзгөрдү", — деди Путин.

Россиянын президенти ошондой эле эки мамлекеттин мындан аркы байланышы чыңдала берерин кошумчалады.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы калыптанып калган достук мамиле кылымдарга сакталышына тилектеш экенин айтты.

"Маалым болгондой түзүлгөн мамилени бүлдүрүп, талкалоого аракеттер болгон. Бул жааттан алганда бул алты жыл мен үчүн оңой болгон жок. Ошондой эле бул достук мамилени Кудай жалгап калыбына келтире алдык. Мындан ары да мамиленин чыңдала беришине тилектешмин", — деди президент.

Атамбаев Санкт-Петербургдагы эл аралык маданий форум тууралуу жылуу пикирин айтып, автордук ырлардын күйөрманы экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0