БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Беш жыл иштөө Жогорку Кеңеш үчүн көптүк кылат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.
Президент парламентти сындап жаткандыгынын себебин Кыргызстандын өнүгүшүнө катуу тоскоолдук жараткандыгы менен байланыштырды.
"Ошол эле темир жолго насыя алыш керек болчу. Анан айрым эл өкүлдөрү чыгып алып биз насыяны эмне себептен алып жатканыбызды сурашат. Ал жакта өнүкпөй турган, сабатсыз адамдар бар. Алсак, бюджетке миллиард алып келбеген чоң үч ун өндүрүүчү жай, же болбосо жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзам. Абдан туура мыйзам, бирок бул чечим чыкканга чейин курулган үйлөр бар да. Азыр биз аларды транформациялоо боюнча чечим чыгарып койдук. Ушул мыйзамды алар аягына чейин иштеп чыгышын каалайт элем. Бирок башка өлкөлөр сыяктуу беш жыл парламент үчүн көптүк кылат", — деди Атамбаев.
20-ноябрь, дүйшөмбү күнү президент Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүүдө. Иш-чарага 70 басылмадан 180ге чукул журналист келген. Атамбаев 2011-жылы алты жылдык мөөнөт менен президент болуп шайланган. Анын инаугурациясы 1-декабрда өткөн.