Райым Матраимов ишеничтен кеткендиктен кызматтан алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение на государственные должности
Назначение на государственные должности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы кол койгон

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик Бажы кызматынын жетекчи орун басары Райымбек Матраимов кызматынан бошотулду.

Председатель Национального банка страны Толкунбек Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан
Толкунбек Абдыгулов вице-премьер болуп дайындалды
Тийиштүү буйрукка Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Матраимов "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп кызматтан алынган. Бирок кайсы бөлүкчөсүнө ылайык кызматтан кеткени так жазылган эмес.

Белгилей кетсек, аталган мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүндө мындай деп жазылган:

3) төмөнкү негиздердин бири болгондо ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндө:

а) ал анын тарабынын бири болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди жасабаганда;

б) ушул Мыйзамда белгиленген учурларды копшогондо, жеке өзү ишкердик иш менен алектенгенде;

в) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иштегенде;

г) Этика кодексинин талаптарын, анын ичинде жумуш убактысынан тышкары бир нече жолу жана одоно бузганда — этика боюнча комиссиянын сунушу боюнча;

д) кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация бербегенде же болбосо билип туруп так эмес же толук эмес маалыматтарды бергенде;

е) башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин жаап-жашырганда;

ж) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экени жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды бергенде;

Жаңылыктар түрмөгү
0