Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Болсунбек Казаковдун архивдик сүрөтү

Болсунбек Казаков Маммүлктүн жетекчилигинен кетти

94
(жаңыланган 20:10 23.11.2017)
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Болсунбек Казаков ээлеген кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тилешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Казаков бул кызматка 2017-жылдын 20-янврында дайындалган болчу.

94
Белгилер:
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Болсунбек Казаков
Тема боюнча
Атамбаев Икрамжан Илмияновду кызматынан бошотту
Райым Матраимов ишеничтен кеткендиктен кызматтан алынды
Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда. Архивдик сүрөт

ЖК юристи: референдум өтпөсө депутаттар мөөнөтүн дагы 6 айга узартып алса болот

35
(жаңыланган 12:11 02.12.2020)
Учурда Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламенттин мөөнөтүнүн узартылышынын мыйзамдуулугу боюнча кайрылууну карап жатат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Эгер Конституциялык реформа кийинки жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтүн дагы алты айга узарта алат. Бул туурасында Конституциялык палатанын отурумунда ЖКнын өкүлү Камила Бейшенбек кызы билдирди.

Учурда Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламенттин мөөнөтүнүн узартылышынын мыйзамдуулугу боюнча кайрылууну карап жатат.

ЖКнын өкүлү парламенттик шайлоонун мөөнөтү өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, эпидемиологиялык абалды эске алуу жана бюджеттин дефицитинен улам жылдырылганын билдирди. Ошондой эле ал Конституциялык реформа жүргүзүп анан парламенттик шайлоо өткөрүүнүн талап кылынышы себеп болгонун айтты.

Анда даттануучулардын бири Нурбек Касымбеков: "Эгер Конституциялык реформа 2021-жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, ЖК мөөнөтүн дагы алты айга узартып алышы мүмкүнбү?" - деп сурады. Ага Бейшенбек кызы "ооба, мөөнөтүн дагы узартып алса болот" деп жооп берди.

Эске салсак, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтүн 20-декабрга дайындаган. Бирок эртеси эле Жогорку Кеңеш өзүнчө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес мөөнөткө белгиленген. Ал мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып, утулуп калган болчу.

35
Белгилер:
өкүл, узартуу, мөөнөт, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Депутат: өкмөт алынган карызды иштетпей коюп 100 млн. сом айыпка жыгылды
Катаал жазага татыктуу! Депутат Опумбаев менен Жунушалиевди кармоону талап кылды
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив

Бүгүн Талант Мамытов Кыргызстандын атынан ЖККУнун сессиясына катышат

17
(жаңыланган 11:38 02.12.2020)
Сессияда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Иш-чара бүгүн, 2-декабрда, өткөрүлмөкчү. Анда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

17
Белгилер:
видеоконференция, жыйын, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер
Национальный комплекс Манас-Ордо, расположенный в 22 км от города Талас, у подножия горы Кароол-Чоку, посвящен главному герою произведения: Манас батыру.

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат

0
Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 4-декабрдагы "Манас күнүнө" карата Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү 11:00дө токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен уюштурулат.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.

0
Белгилер:
"Манас Ордо" комплекси, Манас айтуу, Талас