Жалал-Абад шаардык кеңеши акыры чогулуп, мэр шайлады

© Пресс-служба президента КРЖалал-Абад шаарынын мэри болуп дайындалган Салайдин Авазовдун архивдик сүрөтү
Жалал-Абад шаарынын мэри болуп дайындалган Салайдин Авазовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаар башчылыгына "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы тарабынан Майрамбек Адылбековдун, КСДП фракциясы тарабынан Салайдин Авазовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Салайдин Авазов шайланды. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мэрликке "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Майрамбек Адылбековдун, КСДП фракциясынан Салайдин Авазовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

"Бирок добуш берүү алдында Адылбеков өз талапкерлигин алып салды. Шайлоого шаардык кеңештеги 31 депутат толугу менен катышты. Депутаттардын 30у Салайдин Авазовго добуш беришти", — деди Тагаев.

Ал кошумчалагандай, Авазов Жалал-Абад шаарынын он төртүнчү мэри болуп шайланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0