Атамбаев: жаңы ажобуз акжолтой болсун!

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный форум "Алтайская цивилизация и родственные народы алтайской языковой семьи"
Международный форум Алтайская цивилизация и родственные народы алтайской языковой семьи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев эркин, ар намыстуу кыргыз эли менен чексиз сыймыктана турганын белгиледи.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев инаугурация салтанатында сөз сүйлөп, кызматына киришкен өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду куттуктады.

Ал өз сөзүндө толкунданып жатканын айтып, кыргыз элинин тарыхына, өнүгүү жолуна токтолду.

"Сооронбай Шарипович демократиялык жолду улантып, таза иштейт деп ишенем. Элибиздин кеменгерлигине дайым ишеним келгем. Жаңы ажобуз акжолтой болсун! Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин! Жашасын эгемендүү Кыргызстан!" — деди Атамбаев.

Ушу тапта инаугурация салтанаты уланып жатат.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурация салтанатын Sputnik Кыргызстан агенттигинин ретрансляциясынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0