Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тууралуу келишими күчүнө кирди

© Sputnik / И. Носов / Медиабанкка өтүүЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев 2017-жылы сентябрда чек арага жакын аймактардын башчыларынын такай жолугушуп туруусу жөнүндө келишимге кол койгон

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактар аралык кызматташуу жөнүндөгү келишими күчүнө кирди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Анда эки мамлекеттин чек арага жакын жайгашкан аймактарынын өкүлдөрүнүн квартал сайын жолугуп туруусу белгиленген.

Фуралардын аягы көрүнбөгөн кезеги. Кыргыз-казак чек арасындагы абалдын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Фуралардын аягы көрүнбөгөн кезеги. Кыргыз-казак чек арасындагы абалдын видеосу
Аталган документке өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин сентябрда Бишкекке болгон сапары учурунда кол коюлган.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси анчейин жакшы болгон эмес. Ага чек аралардын такталбаганы себеп болгон. 2014-жылдан бери эки мамлекеттин чек арасында курал колдонгон ондогон окуялар катталган.

Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери эки өлкөнүн алакасы жанданган. 5-сентябрда Атамбаев менен Мирзиёев чек ара боюнча документке кол койгон. Ага ылайык, чек аранын 85 пайызы такталган. Мамлекет башчылары кол койгон документ октябрдын башында күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0