Сооронбай Жээнбеков өзүнө дагы бир жардамчы дайындады

Жазылуу
Ал буга чейин премьер-министрдин кеңешчиси болуп иштеген

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Муратбек Шайымкуловду өзүнө жардамчы кылып дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков бийликтин бардык бутагына жардам берүүгө даяр
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка Жээнбеков бүгүн кол койгон.

Шайымкулов буга чейин премьер-министрдин кеңешчиси болуп иштеген.

Ал 2010-жылга чейин Инвестиция жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча борбордук агенттигинде аймактык өнүгүү кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ал эми 2013-жылы төрага Асылбек Жээнбековдун жардамчысы катары кызмат өтөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0