Мирзиёев Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жазылуу
Өзбекстандын президенти Кыргызстандын мурдагы башчысына кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Мирзиёев ага "Данакер" орденинин ыйгарылышына чоң ыраазычылыгын айткан.

"Бул достук жана жакшы кошуналык мамилени орнотууда жетишилген ийгиликти тастыктап турат. Ошондой эле эки бир тууган элдин олуттуу кызматташуусун шарттайт", — деди Мирзиёев.

Телефондук сүйлөшүү учурунда өтүп бараткан жыл кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарган жылдардан болгону, ошол эле учурда чечилбей келген көйгөйлөр чечиле баштаганы баса белгиленген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Атамбаевди "Кыргыз Республикасынын Баатыры" кылды
Тараптар ошондой эле эки президенттин Кыргызстан жана Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарлары эки мамлекеттин мамилесине жаңы дем берген. Эки өлкө ортосундагы товар айланууну көбөйтүп, түрдүү деңгээлдеги сапарлардын жанданышына шарт түзгөн.

Өзбек-кыргыз чек арасы боюнча келишимге кол коюлушу тарыхый мааниге ээ экени дагы айтылган.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда кызматтан кетип, Сооронбай Жээнбеков КР президенти катары расмий түрдө кызматка киришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0