Кыргызстан-Казакстан чек арасы. Архивдик сүрөт

Кыргыз-казак чек арасы түндөн тарта ачылат. "Жол картага" кол коюлду

736
(жаңыланган 15:09 03.12.2017)
Өкмөттөн чек ара 3-декабрда саат 00:00дөн тарта адаттагы тартип менен иштей баштай турганын айтышты

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Астана шаарында бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын "Жол картасына" кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

"Жол картасы" боюнча келишимге кыргыз тараптан вице-премьер Толкунбек Абдыгулов, ал эми Казакстандан өкмөт башчысынын орун басары Аскар Мамин кол койду", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, Минскиде болгон ЖККУнун өлкө башчыларынын саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков менен Нрусултан Назарбаев чек араны ачуу боюнча макулдашып, буга чейин түзүлгөн "Жол картасына" кол коюу макулдашылган

"Чек ара 3-декабрда саат 00:00дөн тарта адаттагы тартип менен иштей баштайт", — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

"Жол картада" эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин чечүү, чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык жаатында өз ара кызматташуу боюнча комплекстүү чаралар каралган. Документ 16 ыкчам мүнөздөгү, 5 кыска мөөнөттүү жана 29 системалуу чараларды камтыйт.

Эки президенттин Минскидеги сүйлөшүүсүнөн соң, кечээ, 1-декабрда Абдыгулов баштаган делегация Астанага казак тарап менен жол картасы тууралуу сүйлөшүп, мамлекеттик чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн учуп кеткен. 

Белгилей кетсек, 10-октябрда кыргыз-казак чек арасынан өтүү кыйындай баштаган. Расмий Астана бул кадам чек арадан өтүп жаткан мыйзамсыз товарларды ооздуктоо үчүн жасалып жатканын билдирген.

736
Белгилер:
Казакстан, Нурсултан Назарбаев, Сооронбай Жээнбеков, жол картасы, кыргыз-казак чек арасы
Тема:
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (87)
Тема боюнча
Жээнбеков менен Назарбаев Минскиде чек ара маселесин өз тилинде чечишти. Видео
Фуралардын аягы көрүнбөгөн кезеги. Кыргыз-казак чек арасындагы абалдын видеосу
Биз биргебиз! Канададагы кыргыздар менен казактар достук акциясын уюштурду

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

87
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

87
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов

Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды

118
(жаңыланган 21:55 02.08.2021)
Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов менен муниципалитетте иштеген уулун кызматтан алды. Бул туурасында калаа башчынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын уулу Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан. Маалымат катчы Нурсултан Насирбековдун буга чейин конкурстан өтүп кызматка алынганын белгиледи.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын которуп, бүгүн Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

118
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашов, кызмат, мэрия, уул, бошотуу
Тема боюнча
Өкмөт Алмаз Мамбетовду Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга жөнөттү
Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео