Талас облусунун башчылыгына Марат Мураталиев дайындалды

© Фото / Элмира СуйутбековаӨкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалган Марат Мураталиевдин архивдик сүрөтү
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалган Марат Мураталиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас облусу бир ай тогуз күн башчысы жок калган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп Марат Мураталиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган Фарид Ниязовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков Фарид Ниязовду өзүнө кеңешчи кылып дайындады
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Мураталиевди эмгек жамаатка вице-премьер-министр Даир Кенекеев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Кенекеев буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген. Ал вице-премьерлик кызматка 25-октябрда дайындалгандан бери анын орду бош турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0