Жээнбеков: укук коргоо, сот жана күч органдарына нааразычылык күч

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков принял Генпрокурора Индиру Джолдубаеву
Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял Генпрокурора Индиру Джолдубаеву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент прокуратура паракорчулукка каршы күрөшүүдө мыйзамдын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөшү зарыл экенин кошумчалады

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Военная обязанность граждан КР - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: кыргыз армиясы күчтүү, жакшы жабдылган
Жолугушууда Жолдубаева өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн жасалып жаткан иштер боюнча кабардар кылып, башкы прокурор прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча негизги багыттары тууралуу айтып берди.

Жээнбеков өз кезегинде күч түзүмдөрүнүн жана сот органдарынын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракеттери боюнча коомчулукта нааразычылыктар бар экенин белгиледи.

"Прокуратура мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык аракеттерге каршы тынымсыз иш алып баруусу керек. Мыйзамдуулуктун башында туруп коомдун укуктук тартибин сакташы керек", — деди ал.

Президент прокуратура паракорчулукка каршы күрөшүүдө мыйзамдын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөшү зарыл экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0