Айрым ведомстволор коомчулукка маалыматтарды ачык жарыялай баштайт. Тизме

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРеализация проектов программы цифровой трансформации “Таза Коом”
Реализация проектов программы цифровой трансформации “Таза Коом” - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин кеңешчиси бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик органдарда маалыматтар жабык түрдө сакталып келгенин белгилеген

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өкмөттүн жумушчу тобу мындан ары маалыматтарды ачык жарыялай турган министрлик менен ведомстволордун тизмесин түзүп чыкты. Бул туурасында премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнур Төралиева Facebook баракчасына жазды. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик органдарда маалыматтар жабык түрдө сакталат. 

"Маалыматтарды ачык жарыялоо курулуш жана архитектура, бизнес тармагындагыларга, журналисттерге, изилдөөчүлөргө, академиялык чөйрөдөгүлөргө, бейөкмөт уюмдарына жана башка тармактарда иштегендерге жардамы тиет. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды эскертүүгө жана коопсуздукту түзүүгө өбөлгө болот", — деп жазган ал. 

Ведомстволордун тизмеси: 

— Улуттук статистика комитети;

— Мамлекеттик каттоо кызматы;

— Мамлекеттик салык кызматы; 

— Каржы министрлиги (Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, баалуу металлдар департаменти)

— Экономика министрлиги;

— Инвестиция жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Билим берүү жана илим министрлиги;

— Саламаттыкты сактоо министрлиги (Даарылар менен камсыздоо департаменти);

— Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду; 

— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Юстиция министрлиги. 

Жаңылыктар түрмөгү
0