Журналисты перед началом седьмого заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке

Бишкектеги ТүркПАнын жетинчи жыйыны. Тексттик трансляция

225
(жаңыланган 16:25 08.12.2017)
Борбор калаада түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтүүдө.

Анда ТүркПАга Кыргызстандын өкүлүн баш катчы кылып шайлоо масалеси каралат. Андан сырткары, уюмдун 2018-жылдагы жана 2019-жылдын биринчи жарымына карата бюджети бекитилет.

Бүгүнкү жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттерден тышкары Өзбекстан менен Түркмөнстан ардактуу конок катары, Венгрия мамлекети байкоочу болуп катышууда.

Жаңы билдирүү
  • 18:35

    ТүркПАнын Бишкектеги жыйыны аяктады

    Бишкектеги Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын кезектеги отуруму "Ала-Арча" декларациясын кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

    Анда уюмга кийинки жылы төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилди.

  • 17:53

    ТүркПАнын башкы катчысынын орун басарлары шайланды

    ТүркПАнын башкы катчысынын орун басарлары шайланды. Ошондой эле уюмдун 2018-жылга карата бюджети кабыл алынды. Аны жаңы шайланган башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов тааныштырып, кийинки жылдын бюджетинде олуттуу өзгөрүүлөр жок экенин белгиледи да аны колдоп берүүгө чакырды.

  • 16:32

    Жумабеков: ТүркПАнын келечеги кең

    "Биздин уюмдун келечеги кең экенине ишенем. Анткени ал экономикалык кызыкчылыктарга негизделбестен тилдердин жана дилдердин жакындыгынан түзүлгөн уюм", — деди ал. 

  • 15:23

    ТүркПАнын делегациясынын журналисттер үчүн боло турчу маалымат жыйынына даярдык көрүлүп жатат. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы жыйындар залына микрофондор коюлуп, делегация мүчөлөрү үчүн орундуктар даярдалды.

     

  • 13:47

    ТүркПАнын жыйынына келгендер түшкү тамактанууга чыгышты. 

    Расписание боюнча жыйын саат 15.30да башталат. Анда делегация мүчөлөрү КР президенти менен жолугушат. 


  • 12:22
    Заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке
    © Фото / Расул Усеналиев
    Журналисты перед началом седьмого заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке
    © Фото / Расул Усеналиев
  • 11:20

    Белгилей кетсек, ТүркПАга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мүчө

    Стенд седьмой парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) перед началом заседания в Бишкеке
    © Sputnik / Расул Усеналиев
  • 11:16

    Делегация мүчөлөрү сөз алганда жыйын жабык эшик артында уланары айтылды. Анын соңунда делегациянын мүчөлөрү журналисттер үчүн маалымат берип, эмне маселелер каралганы боюнча кабарлашат. 

    ТүркПАнын Бишкектеги жетинчи жыйынын чагылдыруу үчүн жергиликтүү жана чет элдик ондогон журналисттер келди. 


    Журналисты перед началом седьмого заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке
    © Sputnik / Расул Усеналиев
    Журналисты перед началом седьмого заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке
    © Sputnik / Расул Усеналиев
  • 11:13

    Дастанбек Жумабеков өз сөзүндө Кыргызстан төрагалык кылган маалда бир катар маселелерге маани берилерин айтты. Анын ичинде башкы катчынын милдеттери такталып, аны кызматтан алуу жана дайындоо жолдору жакшыртыларын, уюмдун бюджетинин аткарылышын аудит кылуу маселеси да караларын белгиледи. 

    Жумабеков ошондой эле ассамблеянын ар бир пленардык жыйынын атайын теманын алдында өткөрүүнү сунуштады.


  • 11:09

    Жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттерден тышкары, Өзбекстан ардактуу конок катары, Венгрия байкоочу болуп катышууда.

  • 10:56

    ТүркПАга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди

  • 10:56

    Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясына төрагалык кылган Казакстан жасаган иштери тууралуу маалымат берүүдө. 

    Казакстандын өкүлү өз сөзүндө Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматка дайындалышы менен куттуктады. 

     

     

  • 10:54

    Бүгүнкү жыйында ТүркПАнын башкы катчысы шайланат. Ага Кыргызстандын өкүлү сунушталууда. 

  • 10:44

    Бишкек шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын VII жыйыны башталды

    Делегациянын катышуучулары "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандактарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл чамбар коюшту.

     

225
Белгилер:
Бишкек, жыйын
Тема:
ТүркПАнын Бишкектеги жетинчи жыйыны (6)