Жумабеков ТүркПАнын башкы катчысы кантип кызматтан алынышы керектигин айтты

Жазылуу
Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жетинчи жыйыны өтүп жатат

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков ТүркПАнын башкы катчысын кандай жол менен кызматтан алуу керектиги боюнча пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жетинчи жыйыны өтүп жатат.

Жумабеков жыйында сөз сүйлөп жатып, ассамблеянын башкы катчысынын ыйгарым укуктары тууралуу өз оюн билдирди.

"Башкы катчыны кызматтан ассамблеянын көпчүлүгүнүн добушу менен гана бошотуу нормасын киргизүүнү сунуштайм. Мунун натыйжасында башкы катчыны тигил же бул улуттук парламенттин кайра чакыртып алуусуна жол берилбейт. Андан сырктары, башкы катчы ассамблеянын жана пленардык жыйындын алдында гана жоопкер болуусун сунуштайм. Бул сунуш колдоо тапса башкы катчынын тигил же бул улуттук парламенттин алдында отчет берүүсү алынып салынат", — деди ал.

Заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ТүркПАнын жетинчи жыйыны. Тексттик трансляция
Жумабеков ошондой эле келерки пленардык жыйынга чейин ТүркПАнын сыйлыктарын толук иштеп чыгууну өтүндү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында ТүркПАга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Андыктан уюмдун башкы катчылыгына Кыргызстандын өкүлү келет. Буга чейин Дастан Жумабеков Алтынбек Мамаюсуповдун талапкерлигин сунуштаган. Мамаюсупов КР Жогорку Кеңешинин ТүркПАдагы өкүлү болуп иштеген. Ноябрь айынын аягында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети анын бир жылдык ишмердигин карап, канааттандырарлык эмес деп тапкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0