ТүркПАнын башкы катчылыгына Алтынбек Мамаюсупов шайланды

Жазылуу
Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтүп жатат.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын башкы катчылыгына Кыргызстандын атынан Алтынбек Мамаюсуповдун талапкерлиги делегация тарабынан жактырылып, аталган кызматка шайланды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумабеков ТүркПАнын башкы катчысы кантип кызматтан алынышы керектигин айтты
Кийинки жылы аталган уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөндүктөн, ТүркПАнын башкы катчысы Кыргызстан тараптан болушу керек.

Белгилей кетсек, Мамаюсупов Жогорку Кеңештин ТүркПАдагы өкүлү болуп келген. Ноябрь айынын аягында ал Жогорку Кеңештин эл аралык кызматташуу боюнча комитетинде жасаган иштери боюнча отчет берип, депутаттар аны канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Мамаюсуповдун талапкерлиги делегация мүчөлөрүн тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0