ТИМ Иерусалим шаарынын айланасындагы абал боюнча үн катты

© REUTERS Mohamad TorokmanАкции протеста в Палестине
Акции протеста в Палестине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иерусалимдин макамы — Израилдин коңшу араб мамлекеттери менен болгон мамилесиндеги талуу маселе

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстан Иерусалим шаарынын тарыхый жана укуктук статусунун айланасындагы абалга тынчсызданып жатканын билдирет. Мындай билдирүүнү Тышкы иштер министрлиги таратты.

Эскерте кетсек, 6-декабрь күнү АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары расмий тааный турганын айтып, Тель-Авивдеги Америка элчилигин аталган шаарга көчүрүү боюнча документке кол койгон. Мындай билдирүү палестиналыктардын эле нааразычылыгын жаратпастан, дүйнө лидерлеринин да катуу сынына кабылган. Аны менен бирге ансыз оорлошуп турган жагдайды ого бетер татаалдаштырып жиберген.

"Кыргызстан дүйнө коомчулугунун биргелешкен аракети менен палестина-израиль келишпестиги жөнгө салынарына ишенет", — деп жазылат ТИМ тараткан маалыматта.

Мындан сырткары, билдирүүдө мамиле эл аралык укук нормаларынын, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңеши менен Генералдык ассамблеясынын тийиштүү резолюцияларынын негизинде жолго салынарына үмүт артылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0