Жээнбеков Өзбекстанга болчу иш сапарында кайсы маселелерди көтөрө турганы айтылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда унаа, тиричилик техникаларын чогултуучу заводдорун ачуу маселелери аягына чыгат

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Эртең, 13-декабрда, президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болчу алгачкы расмий иш сапарында эки өлкө ортосунда биргеликте аткарыла турган иштер талкууланып, ага жол салынат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субагожоева билдирди.

"Иш сапарлардын алкагында негизинен финансылык, илимий жана бажы жаатында кызматташуу маселелери каралып, бир нече документке кол коюлат", — деди ал.

Мындан тышкары, ишкерлер ортосунда жолугушуулар болуп, буга чейин айтылган унаа, тиричилик техникаларын чогултуучу заводдорун ачуу маселелери аягына чыгат.

Ал эми учурда эки өлкө ортосундагы башкы маселе болуп турган чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча документтерге бул жолугушууда кол коюлбай турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0