Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Сооронбай Жээнбековду Өзбекстанга кимдер коштоп барып, ким тосуп алат? Тизме

379
(жаңыланган 14:43 13.12.2017)
Расмий иш сапардын алкагында эки өлкө ортосунда биргеликте аткарыла турган иштер талкууланып, ага жол салына турганы айтылган

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга расмий иш сапары 13-14-декабрга белгиленген.

Өлкө башчыны тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков, вице-премьер Толкунбек Абдыгулов, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, экономика министри Артем Новиков, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, жана ЖК депутаттары коштоп бармакчы.

Буга чейин расмий иш сапардын алкагында эки өлкө ортосунда биргеликте аткарыла турган иштер талкууланып, ага жол салына турганы айтылган. 

Мындан тышкары, финансылык, илимий жана бажы жаатында кызматташуу маселелери каралып, бир нече документке кол коюлмакчы. Ишкерлер ортосунда жолугушуулар болуп, буга чейин айтылган унаа, тиричилик техникаларын чогултуучу заводдорун ачуу маселелери аягына чыга турганы белгиленген.

Президент Жээнбековду Ташкенттен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, шаар мэри Рахмонбек Усманов тосуп алмакчы.

379
Белгилер:
делегация, Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстан
Тема:
Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий сапары (10)
Тема боюнча
Жээнбеков Өзбекстанга болчу иш сапарында кайсы маселелерди көтөрө турганы айтылды
Жээнбеков Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы салык келишимин мыйзамдаштырды
АКШда массалык нааразычылык акциялары

Эми каргалар чыгат. Косачев РФтин АКШдагы ызы-чууга күнөөлөнүшү боюнча үн катты

21
(жаңыланган 18:50 01.06.2020)
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча экс-кеңешчиси Сьюзан Райс учурда болуп жаткан зомбулук акцияларынын артында Россия турушу мүмкүн деген билдирүү тараткан.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШдагы толкундоолорду уюштурууга Россияны күнөөлөө фейктерге негизделген антироссиялык кезектеги кампаниянын бир эле чети болушу мүмкүн. Бул туурасында Федерация кеңешинин эл аралык комитет боюнча төрагасы Константин Косачевдин айтканына таянып РИА Новости жазды.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Сьюзан Райс Кошмо Штаттарда учурда болуп жаткан зомбулук акцияларынын артында Россия турушу мүмкүн деген билдирүү тараткан. Анткен менен Райс колго аларлык жүйө келтире алган эмес. "Башталды. Американын фейк жаңылыктары боюнча машиналары кыйчылдап, демигип, зоругуп, мурда белендеп койгон аракеттери менен чыга калды", — деп жазган Косачев Facebook тармагына.

"Бул өтө эле күлкүлүү нерсе болушу керек эле. Бирок ойлонтот, себеби булар биринчи чабалекейлер болушу мүмкүн. Анын артынан каргалардын жоон тобу пайда болуу ыктымалдуулугун эч ким четке кага албайт", — деген сенатор.

Ал былгыган нерсе Россияда эместигин билдирген.

Парламентарийдин айтканына караганда, расмий Вашингтондун "Американын шаарларында болуп жаткан үрөй учурган окуялар аларды акылына келтиргенине, жабыркагандарга жана дагы жабыркай тургандарга да чын дилинен кейип жаткандыгына" ишенгиси келет.

Буга Косачев "акыл менен ченеп-өлчөп, улуттук трагедияда саясий оюндарды ойногонго жол бербестир" деп кошумчалаган.

Депутат аны менен бирге эле Райс "бул жерде такыр катыштыгы жок Россияны эле эмес, өз элин жана каза болгон Жорж Флойдду да түздөн-түз мазактап жаткандыгын" белгиледи.

Башаламандыктар Миннеаполисте жана башка бир катар шаарларда афроамерикалык Жорж Флойд полиция кызматкеринин колунан каза тапкандан кийин башталды.

Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Бирөөнүн тизеси кармалгандын моюн жагына туш келген. Флойддун дем жетпей бара жатат деп бир нече жолу айтканын угууга болот. Андан кийин тынчып калганы видеого түшүп калган. Афроамерикалык реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деп айып тагылган.

21
Белгилер:
өлүм, саясат, Россия, АКШ
Тема боюнча
ЖМК: АКШдагы башаламандыкта 4 миңдей киши кармалды
Узбекистан желеги. Архив

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты

283
(жаңыланган 17:41 01.06.2020)
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Чечме айылындагы суу Өзбекстандын да, Кыргызстандын да элин камсыз кыларын кошумчалаган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

"Эки өлкө жарандарынын ортосундагы чыр Чечме айылындагы булакты тазалоо учурунда келип чыкканы маалым болду. Эки тарапта тең жабыркагандар бар. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыз-өзбек чек арасындагы облустардын жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында кырдаал көзөмөлгө алынды. Тараптар эми тазалоо иштерин макулдашуусу жок өткөрбөйт", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик Чечме айылындагы суу Өзбекстандын да, Кыргызстандын да элин камсыз кыларын кошумчалады.

"Эки жактын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен булактын суусун чогуу колдонуу боюнча келишим бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы чек ара айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.
© Фото / / Пресс-служба правительства КР
Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Баткен облусундагы "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуп, чек арага жакын аймактагы элдин кечээки жаңжалын талкуулаган.

283
Белгилер:
Суу, Чыр-чатак, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема:
Чечме айылындагы чек арадагы кыргыз-өзбек чатагы
Тема боюнча
Министрлик: Баткендеги чек ара чатагынан 15 киши жаракат алды
Жол кырсык. Архивдик сүрөт

Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу

117
Жол милициясынын берген маалыматы боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя болгон жерден тартып алынган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Жол милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды. Каза болгондор жок.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка Honda Odyssey, ВАЗ 2107 жана Hyundai автоунаалары кабылган.

Кадрдан окуяга күбө болгондор капталына оодарылып калган Honda Odyssey машинасын тургузуп жатканын көрүүгө болот.

Ушу тапта ЖКККББ кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.

117
Белгилер:
окуя, күбө, милиция, Кант, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты
Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу
Тосмого урунган автоунаа. Бишкектин чок ортосундагы жол кырсыгынын видеосу