Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Узбекистан

Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий сапары

655
(жаңыланган 15:29 14.12.2017)
Расмий сапар 14-декабрда аяктайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий сапары 13-14-декабрга белгиленген. Өлкө башчыны ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер коштоп жүрөт.

Сапардын алкагында Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Жаңы билдирүү
  • 12:33

    Жээнбеков Олий Мажлистин төрагасы менен жолукту

    Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда, Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында өлкөнүн Олий Мажлисинин төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

    Жээнбеков президент Шавкат Мирзиёев менен кечээки жолугушуулар жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын айтты.

    "Биз көп маселелер боюнча тил табыштык. 2017-жыл эки өлкөнүн мамилелеринде бурулуш жыл болуп, стратегиялык өнөктөштүккө негиз түзүлдү. Биз ошондой эле парламенттер аралык кызматташууга кызыкдарбыз", — деди президент.

    Исмоилов өз кезегинде жакын арада Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду күтөрүн белгиледи.

    Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков на встрече со спикером Олий Мажлиса Республики Узбекистан Нурдинжоном Исмоиловым в рамках официального визита в РУз
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

  • 21:10

    Ушуну менен мамлекет башчылардын журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйыны дагы аяктады. Эми эртең, 14-декабрда Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри жана Мажлистин спикери менен жолугушат. 

  • 21:05

    Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанда 2018-жылы белгилене турган улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине чакырды.  

  • 21:04

    Эки тараптуу жолугушуунун алкагында туризм, спорт жана экономика багытындагы бир катар документтерге кол коюлду. 

  • 20:38

    Мирзиёев: Бир тууганым Алмазбек Шаршенович мага орден ыйгарганын укканда абдан кубангам. Бул сыйлык мен үчүн чоң стимул.   

  • 20:29

    Президент Сооронбай Жээнбеков өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиёевге "Данакер" орденин тапшырды. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамилелерин жакшыртууга кошкон салымы үчүн "Данакер" ордени менен сыйлансын деген буйрукка кол койгон. 

  • 20:25

    Кеңири чөйрөдөгү жолугушуу аяктап, мамлекет башчылары ЖМКлар үчүн маалымат берип жатышат

  • 19:12

    Президенттердин кеңири чөйрөдөгү жолугушуусу башталды.

  • 17:57

    Жээнбеков Шавкат Мирзиёев менен тар чөйрөдө жолукту

    Эки президент "Кок Сарой" резиденциясында тар чөйрөдө жолугушту.

  • 16:08

    Сооронбай Жээнбеков "Көксарой" резиденциясына келди. Бир нече мүнөттөн кийин Мирзиёев менен жолугат. 

  • 16:00

    Жээнбеков Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду

    Жээнбеков Ташкент шаарына барары менен Эгемендүүлүк жана гуманизм монументине андан соң Ислам Каримов атындагы комплексине гүл койду. 

    Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков посетил площадь Мустакиллик в городе Ташкент. Здесь состоялась церемония возложения цветов к монументу Независимости и гуманизма.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
    Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков посетил площадь Мустакиллик в городе Ташкент. Здесь состоялась церемония возложения цветов к монументу Независимости и гуманизма.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
    Сооронбай Жээнбеков также посетил мемориальный комплекс имени первого Президента Республики Узбекистан Ислама Каримов  и возложил цветы к памятнику первого Президента Узбекистана.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
    Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков посетил площадь Мустакиллик в городе Ташкент. Здесь состоялась церемония возложения цветов к монументу Независимости и гуманизма.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
    Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков посетил площадь Мустакиллик в городе Ташкент. Здесь состоялась церемония возложения цветов к монументу Независимости и гуманизма.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
    Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков посетил площадь Мустакиллик в городе Ташкент. Здесь состоялась церемония возложения цветов к монументу Независимости и гуманизма.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • 15:42

    Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий иш сапары менен учуп барды.

    Ислам Каримов атындагы "Ташкент" эл аралык аэропортунан Жээнбековду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Кыргызстандын элчиси Данияр Сыдыков тосуп алды. 

    Аэропортко ардак кароол ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. 

    Расмий сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен тар жана кең форматта жолугушууларды өткөрөт. Анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. 

    Ошондой эле, өлкө башчылары биргеликте билдирүү жасашат. 

    Мындан тышкары, Жээнбеков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Мажилистин спикери Нигматилла Юлдашев менен дагы жолугушуусу күтүлүүдө. 

    В международном аэропорту «Ташкент» имени И.Каримова Президента Сооронбая Жээнбекова встретил премьер-министр Республики Узбекистан Абдулла Арипов
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • 14:26

    Иш сапардын алкагында Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлат. Андан тышкары, эки президент билдирүү жасай турганы айтылды. Жээнбеков ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Олий Мажлистин төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуусу пландаштырылган.

    Бул күндөрү Ташкент шаарында эки өлкө ишкерлеринин катышуусу менен соода-инвестициялык сессия өтмөкчү.

  • 14:09

    Расмий делегациянын курамы

    Эрлан Абдылдаев — тышкы иштер министри;

    Айзада Субакожоева — президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

    Данияр Сыдыков — Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси;

    Толкунбек Абдыгулов — вице-премьер;

    Анвар Артыков — ЖК депутаты;

    Ильхом Маннанов — ЖК депутаты;

    Кубатбек Боронов — өзгөчө кырдаалдар министри;

    Жамшитбек Калилов — транспорт жана жолдор министри;

    Артем Новиков — экономика министри;

    Уларбек Шаршеев — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

    Мухамметкалый Абулгазиев — президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары.

  • 14:05

    Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга жөнөп кетти

    Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

    Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга жөнөп кетти

    Иш сапар 13-14-декабрга белгиленген
    Дагы
655
Белгилер:
трансляция, расмий иш сапар, Шавкат Мирзиеев, Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстан
Тема:
Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий сапары (10)