Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга жөнөп кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапар 13-14-декабрга белгиленген

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга алгачкы расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

Жээнбековду өкмөт мүчөлөрү, ЖК депутаттары жана президенттик аппараттын өкүлдөрүнөн турган расмий делегация коштоп барат.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлат. Андан тышкары, эки президент билдирүү жасай турганы айтылды. Жээнбеков ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Олий Мажлистин төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуусу пландаштырылган.

Бул күндөрү Ташкент шаарында эки өлкө ишкерлеринин катышуусу менен соода-инвестициялык сессия өтмөкчү.

Иш сапар 13-14-декабрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0