Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга учуп барды

Жазылуу
Аэропортко ардак кароол ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинди

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий сапары менен учуп барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ислам Каримов атындагы "Ташкент" эл аралык аэропортунан Жээнбековду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Кыргызстандын элчиси Данияр Сыдыков тосуп алды.

Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий сапары
Аэропортко ардак кароол ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Расмий сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен тар жана кең форматта жолугушууларды өткөрөт. Анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат.

Ошондой эле, өлкө башчылары биргеликте билдирүү жасашат.

Мындан тышкары, Жээнбеков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Мажилистин спикери Нигматилла Юлдашев менен дагы жолугушуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0